Беларустун Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү ИИМ Академиясына келишти

Билим АКИpress - Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү 14-ноябрь күнү ИИМ Академиясында болушту. Бул тууралуу Академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Чет элдик өкүлдөр Бишкек шаарына Кыргызстандын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн уюштуруу, оптимизациялоо жана анда жаңы ыкмаларды колдонуудагы алдыңкы тажрыйбаларын изилдөө үчүн келишкен.

Делегациянын курамында Беларустун ИИМдин аппаратынын реформалоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Михаил Балтухин жана ошол эле бөлүмдүн тескөөчүсү, милициянын подполковниги Алексей Захаренко болду. Аларды ИИМ Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов тосуп алды.

Жолугушуунун алкагында конокторго Академиянын тарыхы, түзүмү, ИИО үчүн кадрларды даярдоодогу окуу процессинин уюштурулушу, профессордук-окутуучулар курамынын илимий иштери жана ИИМ Академиясынын эл аралык кызматташуудагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.

Андан соң делегация криминалистика полигонунун окуу-материалдык базасы менен таанышып, Академиянын Күжүрмөн даңк музейин кыдырып чыгышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up