Үгүттөгү окуучулар улуттук кийимдер менен камсыз болуп, мектепке гүлдүн 80дей түрү келди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде 80 окуучу үчүн улуттук кийим жана гүлдүн 80дей түрү алынып келди. Бул тууралуу аталган мектептеги мугалим Чынара Акималиева аймактык кабарчыга билдирди.

Ушул жылдын 12-май күнү мектепте марафон уюштурулган. Марафонго мектептин эмгек жамааты, жергиликтүү тургундар жана айрым ишкерлер катышкан. Марафондон түшкөн каражатка 80 түрдүү гүл, окуучуларга улуттук кийимдер жана түстүү принтер алынып келди.

«Марафондон түшкөн каражатка маданий иш-чараларды өткөрүү жана эстетикалык тарбия берүү максатында бий ийриминин катышуучулары, жалпы окуучулар үчүн 9 улуттун улуттук кийимдери буйрутма аркылуу даярдалып, жалпы 80 окуучуга кийим тиктирип келдик. Андан сырткары класстык бөлмөлөрдү жана залдарды көрктөндүрүү үчүн 80 түрдүү гүл алынып келип, өстүрүлүүдө. Ошондой эле түстүү принтер сатып алдык», - деди Ч.Акималиева.

Буга чейин бул мектептин ар бир мугалими ноутбук менен камсыз болгон. Мектепте жалпы 154 окуучу билим алууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up