Жер-Көчкү айылындагы мектептин директору болуп Мирзат Мамбетова дайындалды

Мирзат Мамбетова
Мирзат Мамбетова

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылынын Баймоңол Кыязов атындагы орто мектебинин директору болуп Мамбетова Мирзат Асанкуловна дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

М.Мамбетова 1979-жылы Нарын районундагы Эмгекчил айылында туулган. 1996-жылы орто мектепти аяктагандан кийин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен билим алган.

Эмгек жолун Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп иштөө менен баштаган. Ал — «Мугалим — коомдун күзгүсү» сынагынын облустук турунун баш байгесинин ээси, «Унутулгус уулу муун» китебинин автору, «Теңир-Тоо айымдары» аялдар конгрессинин Нарын району боюнча координатору, «Тарых Мурас» фондунун эл аралык илимий конференцияларынын активдүү катышуучусу.

М.Мамбетова үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up