ИИМ Академиясында Жаштар күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - 10-ноябрь — Жаштар күнүнө карата ИИМдин Академиясында майрамдык иш-чара болуп өттү. Саамалык Академиянын тарбия бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги, Апрель элдик революциясынын баатыры Афтандил Кадыркуловдун жетекчилигинин алдында өтүп, курсанттар, студенттер тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле күзөт-кайтаруу департаментинин аскер бөлүгүндө Ч.Айтматовдун «Жамиля» чыгармасынын негизинде «Кыргыз улутунун каада-салты — улуттук идеологиянын негизи булагы» деген темада сахналаштырылган көргөзмө жана адабий кече уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up