Сокулуктук окуучулар Жогорку Кеӊештин жыйынына катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Саз айылынын М.Жаныбаев атындагы орто мектебинин окуучулары Жогорку Кеӊештин иши менен таанышты. Бул тууралу райондук билим берүү бөлүмүнөн аймактык кабарчыга билдиришти.

«Биздин окуучулар алгач Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышып, депутаттардын ишине күбө болушту. Ал жактан өздөрүнө керектүү маалыматтарды алып, келечекте тандай турган кесибине багыт алуу менен билим канчалык деңгээлде керек экенин билишти. Андан кийин депутат Гүлшат Асылбаева менен жолугушту. Депутат айым окуучуларга кеп-кеӊештерин айтып, керектүү маалыматтар менен бөлүштү», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up