Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата 4 билим берүү кызматкери өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар билим берүү кызматкерлери өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлык ээлери:

- Аида Ишеналиева — Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;

- Гүлайым Токоманова — Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси;

- Гаухар Төрөбаева — Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын кыргыз тилчи мугалими;

- Махамаджан Мадаминов — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылынын №2 М.Хакимов атындагы орто мектебинин музыка мугалими.

Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндөгү буйрук 2019-жылдын 3-октябрында чыккан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up