Өкмөт башчы Чүйдөгү курулушу бүтпөй жаткан мектептерге барды (сүрөт)

Билим АКИpress - Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка созулган курулуштар боюнча көйгөй болбошу керек. Мындай талапты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине койду.

Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы маалымдагандай, Военно-Антоновка айылындагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталган. Бирок иш ушул күнгө чейин бүтө элек. Ошол эле учурда курулуш иштери үчүн зарыл каражаттар жалданма компанияга өз учурунда бөлүнүп берилген. Ал гана эмес курулуш учурунда кошумча каржылоону талап кылган башка маселелер да келип чыккан.

Ушундай эле жагдай Беловодск айылындагы 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы имаратты куруу учурунда да түзүлүп, ал 4 жылдан ашуун убакытка созулган.

«Биз мурдагы системадан четтеп, узак убакыт бою жүрүп жаткан курулуштардын маселесин жоюшубуз керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга билим алууну камсыздоо үчүн мамлекеттин ресурстарын туура жана рационалдуу пайдалануу абзел. Өкмөт жаңы мектептерди курууга жана учурда пайдалануудагыларын оңдоого каражат таап жатат. Биз алдыбызга өтө маанилүү милдетти койдук – өлкөдө бир дагы авариялык абалдагы мектеп калбашы керек. Бул үчүн бардык күч-аракетибизди бириктирип, жөнгө салынган ишти уюштурууга тийишпиз. Коррупцияга каршы күрөш боюнча эсепке келип түшкөн каражаттардын бир бөлүгү дал ушул мектептерди жана бала бакчаларды курууга жумшалат», - деди М.Абылгазиев.

Ал өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин өз убагында чара көрбөгөндүгү, жалданма компанияларды тандоодогу шалаакылыгы үчүн сынга алды.

«Жалданма компанияларды тандоо маселесине кыйла жооптуу мамиле кылуу зарыл. Эгерде бир жалданма компания өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албаса, аны «кара тизмеге» киргизгиле. Мамлекет тарабынан каржыланган курулуш объекттерин алышпасын. Курулуштун мөөнөтү башынан белгиленет, мамлекеттик каражаттар өз убагында бөлүнөт, бирок жыйынтык жок. Миңдеген адамдардын тагдыры көз каранды болгон ишке шалаакы мамиле кылууга болбойт», - деди өкмөт башчы.

Муну менен бирге премьер-министр мындай социалдык жайларды куруу долбоорлорун ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кыйла активдүүлүктү жана жоопкерчиликтүүлүктү талап кылды. Ошондой эле ал бардык маселелерди ыкчам чечүүнү жана курулушту кийинки окуу жылынын башына аяктоону тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up