Кочкор-Ата шаарында 100 орундуу «Ландыш» бала бакчасынын курулушу башталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 100 орундуу «Ландыш» бала бакчасынын имаратынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Кочкор-Ата шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу Ноокен районун ѳнүктүрүү фонду менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Курулуш иштери Аймактарды ѳнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата, ошондой эле шаардын 2018-2022-жылдарга ѳнүгүү программасына ылайык ишке ашырылып жатат.

2018-2019-жылында Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 175 орундуу заманбап бала бакча курулуп, пайдаланууга берилген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up