Сүрөт — Свердлов районунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Свердлов районундагы Р.Шүкүрбеков атындагы №38 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата райондук жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова жана билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.

Бул күнү мамлекеттик тилге зор салымын кошкон мектеп жетекчилери жана мугалимдер Тил комиссиясынын төш белгиси жана ардак грамотасы менен сыйланышты.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Свердлов райондук билим берүү борбору тарабынан мыкты видеокуттуктоо, мыкты эссе, мыкты сүрөт өңдүү сынактар жана Бишкек шаардык «Тил келечеги улуу муундардын чыгармаларында» аттуу изилдөө долбоору боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Келген конокторго аталган мектептин драмалык ийримине катышкан окуучулардын аракети менен даярдалган «Бурулчанын селкинчек» спектакли көрсөтүлдү. Ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up