Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча биринчи Борбор Азиялык конференцияга Ош шаарынан эң көп катышуучу келди (сүрөт)

Билим АКИpress - 15-16-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында «ЖМК колдоо борбору» фонду менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча биринчи Борбор Азиялык конференция болуп өттү.

Конференциянын катышуучусу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча долбоорлорго өткөн жылдан бери катышып, анын жыйынтыгында Ош шаарынан эң көп катышуучу болгонун айтты.

«Конференциянын катышуучуларынын саны 150 адам болсо, анын өзөктүү бөлүгү Ош шаарынан келген мугалимдер менен окуучулар болду. Бизге ушундай жагдай жаратып берген уюштуруучулардын биздин медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатындагы иш-аракетибиздин жемиштүү жыйынтыгын туура баалоосу жана шыктандыруусу деп айтсак болот», - деди Т.Досмуратов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up