Билим берүү министри К.Исаков студенттик жатаканалардын шарттарын көрүп чыкты (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышып, студенттер менен жашоо шарттары, окуулары боюнча баарлашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр алгач Кыргыз улуттук агрардык университетинин №3 жатаканасында болуп, андагы түзүлгөн шарттар менен таанышты. Бөлмөлөрдүн абалы, тамак жасоочу, санитардык жана жуунуучу жайларынын шарттары жакшы экенин көрүп, үлгү катары башка окуу жайларга жайылтуу керектигине токтолду. Ал мындагы жатакананын айланасын кечинде жарыктандыруу, коопсуздукка көңүл буруу жана жатаканада жашаган ар бир студент боюнча маалымат базасын түзүү керектигин айтты.

Андан кийин К.Исаков ушул эле окуу жайдын №1 жатаканасында болуп, жалпы шартын көрүп, жакшыртуу керектигин белгиледи. Жатаканада жакынкы аралыкта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалган.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №4 жатаканасына барган учурда министр секциялардын, бөлмөлөрдүн абалын көрүп, жатакананы жакшыртуу зарыл экенине токтолду.

Андан ары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жатаканасында болуп, студенттик кеңештин төрагалары, ар бир кабаттын башчылары менен баарлашты. Жатаканада студенттер үчүн ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп турат. Бул окуу жайдын жатаканасынын шартын жакшыртуу муктаждыгы бар.

Бишкек машина жана жол куруу колледжинин жатаканасынын 1-2-3-кабаттарында үй-бүлөлүү кызматкерлер болсо, 4-кабатында студенттер жашашат. Исаков жатаканадагы өрт коопсуздук талаптарын сактоого жана жылуулук системасын жакшыртууга көңүл бурулушу керектигин айтты.

Андан ары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин №1 жатаканасына барды. Мында чет өлкөдөн жана мобилдүүлүк боюнча келген студенттерге жакшы шарттар түзүлгөнүнө күбө болду.

Соңунда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында болуп, секциялардын абалы орто деңгээлде экенин белгилеп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Жыйынтыгында өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканалардын инфраструктурасын жакшыртуу: кеңейтүү, өнүктүрүү, жатаканалардын айланасын жарыктандыруу, коопсуздук камераларын орнотуу жана студенттик кеңештердин ишин активдештирүү, жатаканада маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү керектигин айтты.

Ошондой эле Исаков аймактардан чогулган студенттердин бир бөлмөдө жашаганы — жаштардын арасында ынтымакты, достукту бекемдөөгө жакшы өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up