Нарында өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон 4 инсандын эмгеги эскерилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облустук жаштар ордосунда Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон Абдыкадыр Орозбеков, Турдакун Усубалиев, Калый Молдобасанов жана Чолпонбек Базарбаевдин эмгеги эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Эмгеги менен даңкталып, элинде калды даңкталып» деген аталыштагы маданий иш-чара Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган. Ага райондогу мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлери катышты. Иш-чарада тарыхый инсандардын жасаган эмгектери айтылып, өлкөнүн келечеги үчүн опол тоодой эмгеги тууралуу маалыматтар берилди. Сахналаштырылган чакан сценкалар коюлуп, мугалимдер кыскача баяндама жасашты. Ошондой эле инсандарга арналган сүрөт көргөзмөсү болду.

Катышуучуларга чакан программадагы концерт тартууланып, иш-чаранын активдүү катышуучуларына Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up