Академик А.Акматалиевдин Ч.Айтматов жөнүндөгү 6 китеби Түркияда басылып чыкты

Билим АКИpress - Академик Абдылдажан Акматалиевдин «Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү» (1999-жыл), «Кыргыз фольклору жана тарыхый инсандар» (2001-жыл), «Аалам, Адам жана Жаабарс» (2008-жыл), «Чагылган үндүү Манасчы Айтматов» (2008-жыл), «Аалам кезип Айтматовдон салам айт» (2019-жыл), «Айтматов жөнүндө этюд» (2019-жыл) китептери түрк тилинде басылып чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Академик Абдылдажан Акматалиевди түрк окумуштуулары жана окурмандары жакшы билишет. Ал «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Түркияда ондогон эл аралык конференцияларды уюштурууга катышып, ага улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзү да күбө болгон учурлары болгон. Окумуштуунун 20дан ашуун макалалары «Билге», «Билиг», «Түрк адабияты жана тили» деген журналдарга түрк тилинде басылып чыккан. А.Акматалиев бул журналдардын редколлегия мүчөсү.

Ал ошондой эле «Түрк дүйнөсү» деген 33 томдук китептин кыргыз адабияты боюнча координатору болуп, кыргыз акын-жазуучулардын 300дөн ашуунун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштырган. Түрк кадрларын тарбиялоодо да эмгек сиңирип, 4 кандидаттык диссертациясына жетекчилик кылган.

Академик Абдылдажан Акматалиевдин эмгеги бааланып, «Түрк дил» курумунун академиги болуп шайланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up