КМУ жетекчилиги менен декандардын жыйынында эмнелер талкууланды? (сүрөт)

Билим АКИpress - 19-нобярда Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов башында турган окуу жайдын жетекчилиги менен факультет декандарынын чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Чогулушта декандардын отчёттору каралды. Ректор Т.Абдырахманов педагогикалык багыттагы факультеттердин жетекчилерине мектептер менен иш алып барууну күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал айрым декандар айтылган ишти убагында аткарбай жатканын айтып сынга алды.

Андан тышкары, учурда университеттин башкы имараты жайгашкан аянтчада заманбап шарттагы китепкана курулуп бүткөнү, аз күндө ал пайдаланууга бериле турганы маалым. Мына ошол китепканага окуу жайдын башка имараттарындагы кээ бир китепканалар көчүрүлө тургандыгын ректор айтып өттү.

Т.Абдырахманов кышкы ызгаарда окуу жайдагы бардык имараттар жылуу болушун университеттин чарба административдик иштери боюнча проректору Амагелди Сыйырбековго милдеттендирди.

Быйылкы окуу жылынын башталышы менен И.Арабаев атындагы КМУда эмгектенген мугалимдердин айлыгы жогорулаган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up