Кыргыз илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев Кытай элчиси Ду Дэвень менен жолукту (сүрөт)

Ду Дэвень менен Мурат Жуматаев
Ду Дэвень менен Мурат Жуматаев

Билим АКИpress - Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолукту. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, эки өлкөнүн ортосундагы илимий байланыштарды бекемдөө, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо, алдыдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу сөз болду. Ошондой эле УИАнын илимий кызматкерлерин өз убагында визалык колдоо менен камсыз кылуу маселелерин да талкуулашты.

Ду Дэвень иш сапарынын жемиштүү болгонун белгилеп, илим жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөө үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда Мурат Жуматаев Кыргыз Улуттук илимдер академиясы Кытайдын илимдер академиясы менен көп жылдардан бери кызматташып келе жатканын жана эки тарап түзүлгөн келишимдерди биргелешип ишке ашырарына ишенерин кошумчалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up