Видео — Окуучу кыз мектептеги көйгөйлөрдү депутаттарга айтып жатып, ыйлап жиберди

Билим АКИpress - Парламенттик угуу учурунда депутаттардын күлкүсүнөн улам окуучу кыз көйгөйлөр тууралуу сөзүн аягына чыгара албай калды. Парламенттик угуу 20-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратында БУУнун Балдардын укугу жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

Окуучу №87 мектепте 2700 бала бар экенин жана алар үчүн 1 гана медайым иштей турганын айткан. Анын айтымында, медайым ийнени акчага саят.

Бул учурда залда отургандар, анын ичинде депутаттар күлүп, кол чаап жиберишти. Мындай эмоциялар окуучуну ыңгайсыз абалга туш кылып, айтып жаткан сөзүн аягына чыгара албай калган.

Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындын жаш катышуучусу жакшы маалымат бергенин белгиледи.

«Рахмат! Аябай жакшы маалымат бердиң. Сен жакшы маалымат бергениң үчүн баарыбыз кол чаап жатабыз, сени колдойбуз. Азаматсың!», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up