«Медайым сөгүш алып, жумуштан кетем деп жатат». Окуучунун Ак үйдөгү сөзүн мектеп жетекчилиги менен дарыгерлер кандай кабыл алышты?

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №87 мектептин директору Жаңыл Муталипова АКИpress агенттигине окуучу кыздын Жогорку Кеңештеги парламенттик жыйында 20-ноябрда сүйлөгөн сөзү боюнча өз пикирин билдирди.

  • Парламенттик угуу Жогорку Кеңештин имаратында БУУнун Балдардын укугу жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн. Окуучу №87 мектепте 2700 бала бар экенин жана алар үчүн 1 гана медайым иштей турганын айткан. Анын айтымында, медайым ийнени акчага саят.

Мектеп директорунун айтымында, мурун бир да жолу мындай окуя болгон эмес. Медайым ийне саюуга эч качан акча алчу эмес. «№14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жумадилова баарын өзү көзөмөлдөп турчу. Акча чогултчу эмес. Ал эми биздин мектепте окуган кыз өзү эмдөөдөн өткөн эмес. Акыркы жолу окуучулар сентябрь-октябрь айларында эмделген», - деди мектептин директору.

№14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жумадилова АКИpress агенттигине эмдөө акысыз жүргүзүлөрүн тастыктады. Ал акыркы жолу медайым шприц үчүн акча алганын түшүндүрдү.

«Көрсө, эмдөө учурунда №87 мектептин окуучуларына 18 шприц жетпей калыптыр. Ал окуучулардын ар биринен медайым шприц үчүн 5 сомдон алган экен. Биз бул тууралуу эми гана билдик. Медайымга сөгүш жарыяланып, эми ал жумуштан кетем деп жатат», - деп айтып берди Жумадилова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up