«Мени депутаттар шылдыңдады деп ойлоп, ыйлап жибердим», - 10 жаштагы Дүрдана (видео)

Жаңылыктар | 11:12, 22-ноябрь 2019 | Жаңыртылган 18:32, 22 ноябрь 2019 | 2 299
Дүрдана Салыкова
Дүрдана Салыкова
// АКИpress

Билим АКИpress - 10 жаштагы Дүрдана Салыкова — Бишкек шаарындагы №87 орто мектептин 5-классынын окуучусу. 2 күн мурун ал парламенттик угууларга катышып, депутаттарга мектептеги көйгөй тууралуу айтып жаткан учурада ыйлап жиберген.

Дүрдана АКИpress агенттигине Ак үйгө кандайча барып калганы тууралуу жана депутаттар күлүп жибергенде эмне үчүн ыйлаганын айтып берди.

Парламенттик угуу БУУнун Балдардын укугу жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн. Дүрдананы Жогорку Кеңешке апасы жаздырып койгон Балдарды коргоо борбору тарабынан чакырышкан.

Окуучу №87 мектепте 2700 бала бар экенин жана алар үчүн 1 гана медайым иштей турганын айткан. Анын айтымында, медайым ийнени акчага саят.

Бул учурда залда отургандар, анын ичинде депутаттар күлүп, кол чаап башташат. Мындай эмоциялар окуучуну ыңгайсыз абалга туш кылып, айтып жаткан сөзүн аягына чыгара албай калган.

Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындын жаш катышуучусу жакшы маалымат бергенин белгилеген.

«Рахмат! Аябай жакшы маалымат бердиң. Сен жакшы маалымат бергениң үчүн баарыбыз кол чаап жатабыз, сени колдойбуз. Азаматсың!», - деген ал.

Бирок АКИpress агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде Дүрдана айланасындагылар күлгөнү үчүн ыйлаганын айтты.

«Депутаттар күлүп жибергенде, мени алар шылдыңдады деп ойлоп, ыйлап жибердим», - деди ал.

Дүрдананын апасы Муслима Жунусованын айтымында, ал кызынын сөзүн кечээ гана мектептен уккан.

«Мен эмне дешти билбей турам. Кызым Ак үйдөн келгенде мен андан «эмне деп сүйлөдүң?» деп сурадым. Ал «эч нерсе деп сүйлөгөн жокмун» деп жооп берди. Бул окуяны уккандан кийин «сага муну ким үйрөттү?» десем, «эч ким үйрөткөн жок, мен өзүм эле билем» деп койду. Бирок кызым өзү эмдөөдөн өткөн эмес», - деп айтып берди Муслима Жунусова.

Дүрдана №87 мектепте 3-класстан бери окуйт. Ага чейин Оштогу айылдардын биринде билим алган.

«Мен айылда «отличник» болчумун, бул жакка келгени бир аз кыйналдым», - дейт ал.

Дүрдана ошондой эле бош убактысында эмне менен алектенерин айтты. «Бош убактымда бөбөгүмдү карайм, бир аз ойнойм, андан кийин сабактарымды аткарам», - деди ал.

Дүрдана 4 бир тууган: агасы, эжеси жана иниси бар. «Мен тигүүчү болуп иштейм. Бишкек шаарына 2016-жылы келгенбиз», - деди М.Жунусова.

Анын айтымында, мамлекеттен эч кандай жардам алышпайт.

«Мен жөлөк пул алуу үчүн 2 жолу чуркадым. Биринчисинде «ажырашуу тууралуу документтерди алып кел» дешти. Алып келсем, «атасы бакпаса, эмне үчүн өкмөт багышы керек» деп жооп беришти», - дейт Жунусова.

Балдар мектептик фонддорго каражат берүүдөн бошотулган, эч кандай кысым жок, деп кошумчалады ал.

Кварталдык комитеттин башчысы Шайымбүбү Мускаева үй-бүлө аз камсыз экенин тастыктады. «Апасы аябай тырышчаак. Балдарын багуу үчүн тынымсыз иштейт. Балдарын эч нерседен кем кылбайт. Ал бизге балдарын мектепке киргизүүгө жардам сурап кайрылган. Биз жардам берип, жалгыз бой эне катары каттоого алганбыз. Азык-түлүктөрдү, кийимдерди берип турабыз. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт, жөлөк пул үчүн да чуркап, жетпей коюшту.

Балдарды коргоо борбору аз камсыз үй-бүлөлөр менен жалгыз бой энелердин балдарын карайт. «Ал жакта балдарды жакшы карашат. Балдарды лагерлерге алып барышат, психологдор, соцпедагогдор менен иштешет. Ар кандай тренингдерди өткөрүп, тил үйрөтөт, сайма сайганды үйрөтөт, көркөм чыгармачылыкка үйрөтөт. Балдардын укугун коргошот», - деди Шайымбүбү Мускаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up