Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Качкынбек Эмилбеков кызматынан бошотулду

Билим АКИpress - Качкынбек Эмилбеков өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы жетекчини дайындоо үчүн сынак өткөрүлгөнгө чейин Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сабира Молдалиева убактылуу башчылык милдетти аткарат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up