Ак-Моюн айылындагы окуучулар Нарын шаарына саякат жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылындагы мектептин окуучулары Нарын шаарына саякат жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жаштар уюму жана Нарын РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын ага лейтенанты Азат Сүйөркуловдун демилгеси менен А.Койчуманов атындагы орто мектебинин окуучулары Нарын шаарында жайгашкан университеттердин биринде болушту. Ошондой эле Жаштар сарайын көрүп чыгып, кызыктырган суроолоруна жооп алып кайтышты.

Иш-чаранын максаты — кылмыштуулуктун алдын алуу, жаш жеткинчектерге туура кесип тандоого багыт берүү, ошондой эле зордук-зомбулукка каршы иш аракеттерди жүргүзүү болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up