Аксылык окуучулар менталдык арифметика боюнча Грузияда өткөн олимпиададан жеңиш менен кайтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аксылык окуучулар менталдык арифметика боюнча Грузияда өткөн эл аралык олимпиадада ийгиликке жетишти. Бул тууралуу окуучуларды коштоп барган Нуртаза Мамбетов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, окуучулар олимпиадага 5 ай даярданышкан. «Аксы районунан 4 окуучу Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага катышып, өлкө намысын коргоп келишти. Алар: Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн С.Шатманов орто мектебинин 7-классынын окуучусу Арзыбек Алымкулов менен 6-класстын окуучусу Байтур Тагайбеков, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Мавлянов орто мектебинин 5-классынын окуучусу Сайкал Курбанбекова жана Кербен шаарынан менин уулум — Н.Мамбетов орто мектебинин 5-классынын окуучусу Салман Мамбетов.

Эл аралык олимпиадада кеминде 2-3 жыл даярданган окуучулар менен таймашууга туура келди. Окуучуларыбыз байгелүү орундарга ээ болуп кайтышты. Атап айтсак, Арзыбек 1-орунду, Сайкал 2-орунду, Байтур менен Салман 3-орунду камсыз кылышты. Албетте, келечекте мындан да чоң ийгиликтер болот деп терең ишенем», - деп айтып берди Мамбетов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up