Ат-Башыда орус тилчи мугалимдер Пушкиндин 220 жылдыгына карата тажрыйба алмашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Кар-Суу айылындагы К.Карпеков атындагы орто мектебинде орус тилчи мугалимдердин башын бириктирген облустук семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага облус аймагындагы мектептердин орус тилчи мугалимдери жана ата-энелер катышты.

Семинар А.С.Пушкиндин 220 жылдыгына арналып, анын чыгармалары боюнча ачык сабактар өтүлдү. Катышуучулар мектепке экскурсия жасашып, Пушкиндин чыгармалары боюнча уюштурулган фотокөргөзмө менен таанышып, чыгармалары боюнча ачык сабактарга катышты.

Айрыкча, катышуучуларды адабий кече кызыктырды. Ошондой эле А.Пушкиндин чыгармалары боюнча даярдалган адабий-музыкалык көрсөтүү коюлду. Семинардын соңунда окуучулар тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up