Аламүдүн районунда мамлекеттик тил маселеси талкууланды

Билим АКИpress - 2019-жылдын 22-ноябрында Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы айыл өкмөт башчылары менен билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында мамлекеттик тил маселелери жөнүндө талкуу болду. Катышуучулар иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери боюнча маалымат алышты. Аталган жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева катышып, суроолорго жооп берип, учурда тил саясатын өнүктүрүүдө жүрүп жаткан иштер менен тааныштырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up