Нарында жаш ойлоп табуучулардын облустук сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облустук балдардын билим берүү борборунда «Интеллектуалдык менчик окуучулардын көзү менен» аталышындагы облустук кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан келген командалар катышты.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын жеке өнүгүүсүн, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Сынакка 12-17 жаш курактагы окуучулар катышып, эки номинацияда: «Ыр же аңгеме жазуу» жана «Долбоор, сүрөт, макет даярдоо» боюнча иштерин жакташты.

Жыйынтыгында Нарын жана Жумгал райондорунун командалары 1-орунду ээлешти. 2-орунду Нарын шаарынын командасы, 3-орунду Кочкордун жана Нарын облустук билим берүү борборунун командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөргө «Интеллектуалдык менчик» мамлекеттик фондунун бөлүм башчысы Дамира Түлөбердиева диплом жана баалуу белектерди тапшырды. Сынак аталган фонддун демилгеси менен уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up