Өлкөдө орус тилчи мугалимдердин сынагы өтүп, мыктылары Москвага барат

Билим АКИpress - Кыргызстанда орус тили жана адабияты сабагын окуткан мугалимдердин арасында сынак өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Билим берүү министри Каныбек Исаков Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлдөрү Виктор Нефедов жана Ирина Тузова менен «Россия гуманитардык миссиясынын» башкы директору Алексей Полковниковду кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова да катышты.

«Россия гуманитардык миссиясынын» башкы директору Кыргызстандагы орус тилчи мугалимдер үчүн сынак уюштуруу планы менен тааныштырды. «Кесипке карай менин жолум» темасындагы сынак 2019-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 31-мартына чейин өтө турганы болжолдонууда.

Сынак 2 этап менен уюштурулат: 1-этапта катышуучулар эссенин негизинде тандалып алынат. 2-баскычка өткөн 30 мугалим орус тили сабагын өтүү методикасы боюнча жеке көз карашын чагылдырган видеороликтерди даярдашы керек болот.

Мындан сырткары, 2-этапка жолдомо алган 30 мугалим үчүн Бишкек шаарында дүйнөгө аты чыккан орус тилчи мугалимдердин биринин катышуусу менен мастер-класс өткөрүү пландалды. Ал педагогдорго окутуунун жаңы методикаларын көрсөтөт.

Сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган эң мыкты 10 мугалим 2020-жылы Москвага жолдомо-сертификаттарды алышат.

Сынак 2020-жыл — Кыргызстан менен Россияда жарыяланган эки өлкөнүн кызматташуу жылынын алкагында өтөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up