Педагогикалык ишмердүүлүк — билим берүүнүн ачкычы, - Панфиловдогу жыңы мектептин директору Н.Бейшекеева (видео, сүрөт)

Нурзада  Бейшекеева
Нурзада Бейшекеева

Билим Акипресс басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда окуу-тарбиялоо мекемелеринде педагогикалык ишмердүүлүк, билим берүүдөгү инновациялык табылгалар алкагында сөз козголуп, көйгөйлүү жагдайлардын түйүндөрү чечмеленет.

Бүгүнкү каарманыбыз — Чүй облусунун Панфилов районундагы Орозалы Текеев атындагы орто мектебинин директору Нурзада Бейшекеева. Ал Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында элеттик мектепте жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер, жаралып жаткан ийгиликтер жана айылдык мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, усулдук идеялары жөнүндө ой бөлүшөт.

«Жакшы шарт — жаңы ойлорду жаратат»

Мезгил үнү билим берүү кызматкерлеринин алдына жооптуу, ары ардактуу милдеттерди коюп келет. Ал вазийпаны аткаруу анын материалдык-техникалык базасынан көз каранды экендиги — талашсыз турмуш чындыгы, аксиома. Дегенибиз, сөз коломтосу козголуп, омоктуу ойлорго жагымдуу аракеттери менен уютулган билим уясында жаңылануу жүз берди. Мындай жагдайда мектеп тарыхына сарасеп салуу объективдүү көрүнүш. Букара айылынын социалдык-маданий өнүгүшүнүн негизги тутумун камтыган мектеп 1960-жылдары түптөлгөн. Анда элеттик жаш муундар билим-тарбия алышкан. Жыл өткөн сайын айыл жергесинде жаштар өсүп, учур кошумча класстарды талап кырган.

2004-жылы 11 бөлмөдөн турган кошумча класстар курулуп, кош кабаттуу имарат пайдаланууга берилген. Мындай аракеттер айыл жергесинин инфратүзүмүн жакшыртуу, талаптагыдай окуу-тарбия процессин жүргүзүүгө негиз болгон. Андан нечендеген жаш муундар канат кагып чыгышкан. Ар бир учур, мезгил кайрыгынын өз чакырыгы болот шекилдүү. Акыркы жылдарда аталган мектепке дагы кошумча имарат куруу талабы көтөрүлөт. Мектеп курулушу менен таанышуу максатында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-июлунда келип, жаңы окуу жылына бүтүрүү милдеттерин тийиштүү жетекчилерге табыштаган.

Ошентип, жетекчилердин жигердүү аракетинен улам курулуш иштери жандандырылып, заманбап 200 орундуу мектебибиз үстүбүздөгү 2019-жылдын 2-сентябрында алгачкы коңгуроосун какты. Айылыбыздагы кош кабаттуу бардык шарттары бар мектебибизде учурда 18 мугалим эмгектенип, 183 окуучуга билим-тарбия беришүүдө. Күн санап материалдык-техникалык базабыз чыңдалып барат. Бардык шарттары менен курулган спорт зал, 4 компьютерлүү китепкана, 28 компьютер орнотулган класстык бөлмө, мугалимдердин усулдук бөлмөсү, жыйын залы, ашкана, принтер, ноутбук жана проекторлор менен жабдылган.

Баса, мектеп электрондук китепканага өтүүгө даярдыгын жүргүзүүдө. Бул жакынкы күндөрү толук ишке ашуусуна негиз бар. Жылуулук системасы көмүр жана электр жылыткычтары менен ишке ашырылат. Ал эми суу түтүктөрүнөн таза суу чыгарылып, шарттарыбыз жакшырды. Ошондой эле биздин мектепте 2018- жылдан бери «Күн балдары» аттуу балдар бакча иштеп келет. Анда бакча башчысы Бурулкан Бактыгулованын жетекчилигинде 8 кызматкер эмгектенип, 3 жаштан 4 жашка чейинки 24 бала тарбияланууда. Келечекте дагы жаңы тайпалар ачылып, балдарыбызды коом күткөн инсан кылып тарбиялоого аракеттер жумшалууда. Жаңы конушубузга болгону 3 айдын гана жүзү болду. Алдыда бир топ аткарыла турган милдеттерибиз бар: ар бир классты, залдарды жасалгалоо, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү ж.б.

Албетте, биз аларды толук талаптагыдай аткарууга мүмкүнчүлүк, негиз бар. Анткени чыгармачыл, көп жылдык тажрыйбага ээ мугалимдерибиз арбын. Экинчиден, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Ашыкеев түзүлгөн шартыбызды дагы жакшыртууга ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Ал эми окуучулардын билим сапатын, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин көтөрүүдө райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Өзүбекова биздин жакын жардамчыбыз. Башкысы, жакшы шарт жаңы ойлорду, идеяларды жаратат тура.

Жаңы мектебибизде жакшы аракеттер, демилгелүү механизмдер түзүлө баштады. Тактап айтканда, классташ кыздар А.Абдукаимова, М.Тыналиева, Г. Үсөнова, Г.Баялиева жана Н. Бейшекеева англис тили кабинетин жасалгалашкан. Ал эми ардагер мугалим, КР билим берүүсүнүн отличниги, Панфилов районунун ардактуу атуулу Бурулкан Өмүралиева башталгыч классты жабдыган. Ал класска өзүнүн аты салтанаттуу түрдө ыйгарылды. Мындай аракеттер улантылып келет.

«Педагогикалык ишмердүүлүк — билим берүүнүн ачкычы»

Ырас, педагогика илиминде билим жана тарбия берүү башкы максатта ачыкталат. Ал механизмдерди турмушка ашырууда кыймылдаткыч күч мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Ошондон улам окуу-тарбия процессинин кыймылдаткыч күчү — мугалим деп айтып келебиз. Бул өңүттөн алып караганда, мектеп өз алдына «Окутуунун заманбап инновациялык ыкмаларын пайдалануу менен кеп маданиятын өнүктүрүү» маселесин койгон. Албетте, бул — кыска убакытта аткарыла калчу маселе эмес. Анда, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу менен окуучулардын билим сапатын арттыруу; ар бир жаранга ыңгайлуу шарттарды түзүү, окуучуларга кошумча билим берүү менен кесипке багыттоо, окуучулардын адептик маданияттуулугун калыптандыруу, элибиздин улуттук каада-салттарын пайдалануу, этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөр түрмөгүн жан дүйнөгө уялатуу жана руханий баалуулуктарды акыл азыгына сиңирүү, жашоо образына айлантуу сыяктуу маанилүү маселелер көтөрүлөт.

Өзгөчө, окутуунун инновациялык ыкмаларына эмне үчүн басым жасап, кеп маданиятын арттырууну көңүл борборуна түйүп келебиз? Себеби калыптанып догмага айланган көз караштар, усулдук кайталанма, жадатма ыкмалар учур талабына төп келбей калган. Башкача айтканда, бүгүнкү күндүн балдарынын ой жүгүртүүсү башкача. Ал илимий техникалык прогресстин, маалымат алуунун санариптик технологияларын колдоно билүү чеберчилигинин өсүүсү, маалымат жыштыгы күн санап жогорулашынын тездеши менен шартталып турат. Демек, биз эмгектенген айылдык мектептерде да мындай көрүнүштөр орун алган. Ошондон улам эң негизги күч катары мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүн арттырууну көздөйбүз.

Улуу муундагы тажрыйбалуу мугалимдер, билим берүүнүн мыктылары Бурулкан Өмүралиева, Асылкан Коконова, Гүлжан Нурдубаева жана Гүлмира Надырбекова — жаш мугалимдердин устаты. Алар байма-бай «Жаш мугалимдер мектебине» келишип, өздөрүнүн баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. Мындан сырткары, окуу бөлүмүнүн башчысы Канболот кызы Рыскүлдүн жетекчилигинде өткөрүлгөн методикалык кеңешмеде усулдук идеяларды жаратуу жагдайларына токтолушат. Мектептеги башталгыч класстар, гуманитардык жана табигый-математикалык усулдук бирикмелерде билим сапатын көтөрүү багыттарында орчундуу маселелер талкууланат. Ошондой эле тарбиялык иштерди уюштуруучу Адилет Алымбеков окуучулардын дүйнө таанымын арттырууда, адеп тарбиясын алдыңкы планга коюу менен мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштурат. Тактап айтканда, жакында эле «Дан-2019» иш-чарасы, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөлөрү, дилбаяндар ага күбө. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, акын Алыкул Осмоновдун чыгармалары мектеп сахнасынан түшпөйт. Каптал-Арык айылындагы А.Осмоновдун музейине, «Бурана» мунарасына, «Ата-Бейитке» окуучулар менен биргеликте жасалган саякат өз жемиштерин берип, ата-энелердин, коомчулуктун кызыгуусун арттырууда.

«Апам — менин биринчи мугалимим жана кесиптешим»

Жашоодо «апа» деген сөз өзгөчө туюлат. 45 жыл агартуу майданында эмгектенип, нечен балдарга тамга тааныткан апам Бурулкан Өмүралиева менен кесиптеш болгонума сыймыктанам. Мектеп партасында отурган балдарды көрүп, өзүмдүн секелек кыз курагым эске түшөт. Ошондо да апам бүгүнкүдөй бор кармап, тамга тааныткан. Мына, бүгүн анын катарында окуучуларга билим берүү майданында жүргөнүмө сыймыктанам. Апам аркылуу ар бир мугалимдин түйшүгүн түшүнөм. Аларга колдон келген бардык аракеттеримди жумшагым келет. Жаңы мектепте жаңыча иштеп, эл, коом күткөн жаштарды тарбиялоо, апамдын түйшүктүү, ары ардактуу кесиптик жолунда жүргөнүмө, мугалим болгонума сыймыктанам».

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up