Чоң-Алайдын мугалимдери «Китеп сүйүүчүлөр» акыл таймашында билим сынашат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Билим АКИpress - Чоң-Алай районунда мугалимдер, тарбиячылар арасында «Китеп сүйүүчүлөр» сынагы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынактын шарты боюнча катышуучуларга Касымалы Жантөшевдин «Каныбек» романы, Төлөгөн Касымбековдун «Кел-кел» жана «Сынган кылыч» романдарын окуп чыгуу сунушталган. Андан кийин тандалып алынган агартуучулар бул чыгармалардын сюжети, окуялары, каармандары боюнча «Акыл таймашта» беттешет.

«Китеп сүйүүчүлөр» сынагынын максаты – билим берүү кызматкерлеринин жалпы кыргыз элинин тарыхынан кабардар болушуна өбөлгө түзүү, китепке болгон кызыгуусун арттыруу, окуучуларга үлгү көрсөтүү.

Мугалимдер жана тарбиячылар үчүн уюштурулган акыл таймаш 2020-жылдын март айына белгиленди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up