Нарындык окуучулар шахмат боюнча ачык биринчиликте ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында мектеп окуучуларынын арасында шахмат оюну боюнча шаардык ачык биринчилик өттү.Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке жалпы 7 команда катышты. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду №2 мектеп-гимназиянын командасы, 2-орунду №4 мектептин командасы жана 3-орунду №7 мектептин командасы камсыздашты.

Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору жана медалдар тапшырылды. Мыкты оюн көрсөткөн окуучуларга баалуу белектер ыйгарылган. Ал эми жеңүүчү деп табылган №2 мектеп-гимназиянын командасы кубок менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up