Рита Карасартова Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчинин бул тармакта башталган реформаларды улантуучу ишине ийгилик каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up