Билим берүү министрлиги күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүлөрүн коомдук талкууга коёт

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайлары бүтүрүүчүлөргө берген мамлекеттик үлгүдөгү документтердин үлгүсүн иштеп чыгып, аны коомчулуктун назарына сунуштайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн 20 адамдан турган ведомство аралык комиссия түзүлдү. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топ тиешелүү документтер боюнча өз сунуш-пикирлерин иштеп чыгып, 16-декабрга чейин күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсүн сунушташат. Документтер комиссиянын жалпы жыйынында жактырылгандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланат.

Үлгүлөр эки апта коомчулуктун назарында болуп, алардан түшкөн сунуш-пикирлерин эске алуу менен басып чыгарууга уруксат берилет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up