Аламүдүндө 16 мектептин окуучулары СПИДге каршы акцияга катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы бардык мектепте СПИДге каршы профилактикалык иш-чаралардын бир айлыгы жарыяланган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бир айлыктын алкагында «Мен жашоону тандайм» темасында класстык сааттар жана сынактар уюштурулууда.

2019-жылдын 2-декабрь күнү №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында «Өзүӊдүн статусуӊду бил» аттуу райондук акция болуп өттү. Бул иш-чара да СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн алкагында өткөрүлгөн. Ага жалпы 16 мектептин окуучулары катышып, акциянын жеңүүчүлөрү ардак грамота, белектер менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up