Бишкектеги окуучулар Улуу Ата Мекендик согуш боюнча билимин сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясында окуучулардын катышуусунда интеллектуалдык викторина оюну болуп өттү. Бул тууралуу иш-чарага катышкан окуучулар кабарчыга билдиришти.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана согуштагы баатыр аталарга арналды. Оюнга 11-17 жаштагы окуучулардан куралган 6 тайпа катышкан.

Оюндун жүрүшүндө окуучуларга Улуу Ата Мекендик согуш, Москва шаарынын алдындагы салгылашуу тууралуу суроолор берилди. Калыстар тобунун курамына согуштун ардагерлери кирген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up