Ысык-Көлдүн Боз-Учук айылында 84 млн сомго мектеп курулуп башталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу билим берүү объектилеринин тизмесине кирген 27 мектептин курулушу башталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинен эң биринчи курулуш иштери М.Жусупов атындагы мектебинде башталды. Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу М.Жусупов атындагы мектеп 375 орунга ылайыкталган.

Долбоор боюнча мектеп заманбап шарттар менен курулат. Анда окуу имараты, спорт зал, ашкана, чоң зал, химия, физика, эмгек жана компьютердик класстары каралган. Ошондой эле видеокамералар, эмеректер, керектүү окуу жабдуулары алынат.

Азыркы учурда окуу корпусунун пайдубалынын бетондук иштери 40% аткарылды. Мектептин сметалык баасы 84 млн сомду түзөт. 18 айдын ичинде пайдаланууга берилет.

М.Жусупов мектебинин эски имараты авариялык абалда, анда 800 окуучу билим алып келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up