Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар спорттук мелдешке түштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде билим алган балдар арасында шахмат, тогуз коргоол жана стол тенниси боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке окуу жайдын ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген окуучулары катышты. Бул окуучулар улуттук кол өнөрчүлүк боюнча билим алышат. Учурда бөлүмдө 28 бала билим алууда. Алар окуудан кийинки бош убагында спорт менен машыгып, ар кандай мелдештерге катышып турушат.

Иш-чара Нарын шаардык спорт бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Мелдештин катышуучуларына ыраазычылык кат жана грамота берилди. Ошондой эле спорт бөлүмүнүн кызматкерлери өз каражатынын эсебинен ар бир катышуучуга баалуу белектерди тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up