Ак-талаалык окуучулар алыс аралыкка чуркоо мелдешине түшүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата окуучулар арасында алыс аралыкка чуркоо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондук ден соолукту чыңдоо борбору жана спорт инструктору тарабынан орто мектептердеги 10-11-класстардын окуучулары арасында 1 миң 500 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев, Эсенгул Карасартов, Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева жана Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучулары катышты.

Мелдештин соңунда 1-орунду Тараз уулу Бактияр, 2-орунду Мырза Конокбаев, 3-орунду Нурсултан Марсбеков камсыздап, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up