Ысык-Көлдө облустук «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» форуму өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Өткөн жумада Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драмалык театрында «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аттуу форум өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Форум ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Ысык-Көл ОИИБдин демилгеси менен уюштурулган. Иш-чарага өмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Д.Сүйүнов, Акыйкатчы аппаратынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ө.Тамаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү М.Ногойбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси У.Эсен уулу, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сайпиев Билал ажы, Ысык-Көл облусунун тургундары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Форумда жаштар арасындагы диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук бирикмелердин диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуудагы кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралып, катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

М.Ногойбаев «Мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясаты», Д.Сүйүнов «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясат», Ө.Тамаев «Абийир жана дин тутуу эркиндигине укуктарды жүзөгө ашыруу», Билал ажы «Ислам экстремизм жана терроризмге каршы», ЖМКнын өкүлү К.Мамыркулова «Массалык маалымат каражаттарынын диний экстремизмдин алдын алуудагы көйгөйлөрүн коомчулукка жеткирүүдөгү ролу», ИИМдин ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты М.Карабаев «Кыргызстандын аймагындагы ишмердигине тыюу салынган уюмдардын идеологиясы жана алардын коомчулукка тийгизген кесепеттери», К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти К.Жаныбеков «Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында диний экстремизм багытындагы көйгөйлүү маселелер», Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин башкы адиси Э.Шаршеева «Экстремизмди жайылтууда жаштар негизги курал болууда» аттуу темаларда баяндама жасашты.

Форумдун катышуучулары күн тартибинде коюлган маселелер боюнча сүйлөшүп, аталган иш-чаранын өз учурунда өткөрүлүп жаткандыгын белгилешти. Аны колдошорун да айтып өтүштү. Андан соң форумдун катышуучулары үчүн Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Кыял Асаналиева жетектеген «Жалын» элдик театрынын жамааты тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу театралдаштырылган пьеса коюлду. Ал эми төкмө акын Э.Кийизбаев жаштарга кайрылып, алар келечектин ээлери экенин ырында айтып, Ата Мекенди сүйүүгө, өз элинин патриоту болууга үндөө менен кылмыштуулукка, анын ичинде диний экстремисттик, террористтик уюмдарга, алардын башчыларына биргелешип каршы турууга үндөдү.

Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө, алардын алдын алууда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ысык-Көл ОИИБдин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Ысык-Көл облустук казыятынын жана райондук имам-хатибдеринин милдеттери белгиленди.

Мындан сырткары, форумда Ысык-Көл облусунун айрым тургундарынын, ОИИБдин кызматкерлеринин диний экстремизмге каршы күрөшүүдөгү жана алардын алдын алуудагы кошкон салымдары көрсөтүлүп, аларга ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги У.Асанбаев ИИМдин «Экстремизмге каршы аракеттенүүдө сиңирген эмгеги үчүн», «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдарын, ардак грамоталарын жана алкыш баракчаларын тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up