Жумгалдагы айрым мектептер мактоого арзыса, кээ бирине эскертүү берилди

Билим АКИpress - Жумгалда райондук билим берүү бөлүмү жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, коллегия өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытов, райондун акиминин орун басары Фатима Өмүралиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Амантур Дүйшөнбек уулу жана мектеп директорлору, мугалимдер катышты. Коллегияда Жумгал районундагы көпчүлүк мектептерге мактоолор айтылды. Ошондой эле айрым мектептердин кемчиликтери тууралуу сөз болуп, эскертүүлөр берилди. Билим сапатты жакшыртуу, билим тармагын мындан ары өркүндөтүү, окуучуларды олимпиада менен ар кандай кароо-сынактарга жакшылап даярдоо керектиги да белгиленди.

Коллегия Нарын облустук усулдук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up