Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан көмөкчү мектептердин мугалимдери сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата көмөкчү мектептердин мугалимдерин сыйлады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Педагогдор көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн сыйланган. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалап, аларга ардак грамота жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилерин тапшырды.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 5 миңдей баланы окутууга адистештирилген 32 билим берүү уюму бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up