«Алардын келбети гана кыргыздыкы». Депутат премьер-министрди Рита Карасартованы билим берүү тармагына директор кылып дайындаганы үчүн сынга алды

Евгения Строкова
Евгения Строкова

Билим АКИpress - Депутат Евгения Строкова (КСДП) премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Рита Карасартованы Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору кылып дайындаганы үчүн сынга алды. Өз пикирин ал 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Биздин премьер-министрдин кадр саясатына суктангым келип жатат. Билим берүү тармагына Карасартовага окшогон, туруксуздук болуп жаткан жерлерди сезген бузгуч адамдарды да дайындайбы… Алмаз Шаршеновичтин учурунда ал дайыма ага каршы болчу. Кайсы жакта туруксуздук болсо, Карасартова ошол жерде жүрчү. Аны азыр башталгыч жана орто кесиптик билим берүүгө жетекчи кылып коюшту. Эмне үчүн? Билимди ары-бери чайпаш үчүнбү?», - деди ал.

Строкова премьер-министр менен Карасартовага караганда өзүн кыргыз деп эсептей турганын айтты.

«Алардын келбети гана кыргыздыкы. А ичтеринде эмне? Алар өсүп келе жаткан муунду ойлошпойт… Жыйынтыгында биздин балдар Улуу Ата Мекендик согушта Америка жеңген деп ойлошот» - деди Строкова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up