Чүй облусунун мугалимдери кесипкөйлүк жана билим сапатын көтөрүүнү талкуулашты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Балта шаарындагы №6-гимназияда жана №12 Жайыл баатыр атындагы орто мектепте «Мугалимдин кесипкөйлүүлүгү – билим берүүнүн сапатын камсыз кылат» деген темада облустук семинар өтүлдү.

Иш-чарага облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондордун усулдук бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, «Жыл мугалими-2019» сынагынын катышуучулары жана алдыңкы мугалимдер катышты. Мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу, усулдук чеберчилигин арттыруу, окутуунун жаңы технологияларын колдоно билүү менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү максаттарын көздөгөн семинар 3 бөлүктөн турду:

1. Уюштуруу, райондогу окуу-тарбия мекемелери жөнүндө маалымат берүү, мектептердин материалдык-техникалык базалары менен таанышуу;

2. Мектеп жетекчилеринин, усулдук иштерди коштоочулардын (усулчулардын), мугалимдердин кесипкөйлүүлүгү жөнүндө ой бөлүшүүсү;

3. Көргөзмөлүү ачык сабактар, долбоорлор менен иштөө жана жыл мугалимдеринин сабактарына катышуу, класстан тышкаркы иш-чараларга күбө болуу.

«Облуста өткөрүлүп жаткан мындай семинар салтка айланып бара жатат. Үстүбүздөгү окуу жылында облустун бардык райондорунда кезеги менен өтүлөт. Ошондой эле ар бир район өзгөчөлүгүнө жараша семинардын формаларын, тематикаларын да аныкташууда. Жайыл районунда өтүлгөн семинар сабак өтүү, тегерек столдо баарлашуу менен гана чектелбестен, долбоор менен иштөөнү көргөзө алышты. Ырас, мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатууда анын адистик чеберчилиги да жогорулайт. Бул күнкү иш-чарабызда мектеп директорлору жөндөмдүү окуучулар, долбоорлор менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын көрө алышты. Ошондой эле усулчулар өз ара билим сапатын көтөрүүнүн усулдары жөнүндө баарлашты. Ал эми катышкан мугалимдер облустук «Жыл мугалими» сынагынын катышуучусу болгон Кара-Балта шаарындагы №9-мектептин кыргыз тили мугалими Г.Зикированын жана Новоникалаевка гимназиясынын химия мугалими Т.Беликованын сабактарына күбө болушту.

Семинардын катышуучулары №6 гимназиянын окуучулары тарабынан даярдалып көрсөтүлгөн «Бардыгы сүйүүдөн башталат» аттуу адабий-музыкалык композицияны жана семинардын жемиштүүлүгүн мактоого алышты. Ал эми окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн №12 Жайыл баатыр атындагы мектептин директору У.Абыкеев электрондук китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Мындай жетишкендиктерди жаратууда райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы А.Саргалдаеванын, №6 гимназия орто мектебинин директору, билим берүүнүн отличниги Е.Дебелаянын жана №12 Жайыл баатыр атындагы орто мектебинин директору У.Абыкеевдин эмгектери зор экендигин айта кетүүбүз абзел. Биз Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнө жана №6 гимназия орто мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык кат жолдодук. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Арыков да өз сөзүндө бирдиктүү максат менен сапаттуу билим бийиктигин жаратуу керектигин баса белгиледи. Семинарыбыз ай сайын башка райондордо өтүлүп, усулдук иштерди жүргүзүүнүн жаңы жолдору ачыла берет», - деди Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн директору Райымбек Султанов.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up