Билим берүү министри менен Германиянын элчиси кызматташтык тууралуу талкуулашты

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсенди кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Моника Иверсен Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү министрлиги менен кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин билдирип, айрым маселелерге токтолду.

Элчи И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлү авторлош болуп, IT боюнча кыргыз тилинде китеп жазылганын, ал учурда апробациядан өтүп жатканын кошумчалады.

К.Исаков билим берүү тармагын колдоого алып жаткандыгы үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, бул жааттагы эки өлкөнүн кызматташуусун жакшыртуу керектигин белгиледи.

Тараптар мындан сырткары каникул учурунда кыргызстандык студенттер Германиянын шаарларына иштегени барган учурлар көбөйгөнүн эске алуу менен немис тилин бекемдөө боюнча пикир алышты.

Кыргызстанда немис тилин терең окутуучу 10 мектеп бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up