Кыргызстандык мугалимдер Казакстандагы эл аралык сынакта 1-орунду багындырышты

Билим АКИpress - Казакстанда математика, физика жана информатика сабагын окуткан мугалимдер арасында өткөн VII эл аралык сынакта кыргызстандык педагогдор биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынакка Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы «Келечек MIT» жана №28 мектептин мугалимдери Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышкан. Кыргызстандын командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай топтоп, 1-орунга ээ болушту.

Эл аралык чыгармачылык сынак Казакстандын математик мугалимдеринин ассоциациясы тарабынан 2012-жылдан бери уюштурулуп келет. Максаты — кадрларды даярдоо, мугалимдердин чыгармачылык жана кесиптик жөндөмүн өнүктүрүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up