Достук айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочуларга билим берүү кызматкерлери жардам көрсөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери өз каражатынын эсебинен Достук айылында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акчалай жардам көрсөтүшүп, кийим-кече жана азык-түлүктөрдү таратышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бөлүмдүн жетекчиси Болотбек Белеков билдирди.

Алар Достук айылында жашаган 5 адамга ак калпак кийгизип, азык-түлүктөрдү алып беришти. Ал эми 2 окуучуга 1000 сомдон акчалай жардам тапшырылды.

Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Сейдилдаев майыптар арасында кол күрөш боюнча өткөн республикалык мелдеште 1-орунду камсыз кылган Адилет Акматовго диплом жана баалуу белек тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up