КМУда профессор Нуржамал Ибраева эскерилди (сүрөт)

Билим АКИpress - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эмгек сиңирген мугалим, профессор Нуржамал Ибраеванын 80 жылдык мааракесине карата анын жаркын элесине арналган «Билим берүүнүн мазмунун модернизациялоодогу ишмердүүлүк мамиле» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чараны педагогика факультетинин табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуу кафедрасы уюштурган.

Конференцияга Кыргызстандын бардык аймактарынан, Россия, Казакстан, Түркиядан окумуштуулар, мугалимдер, педагогдор катышты.

Конференциянын алкагындагы секциялык иштер өтүп, окумуштуулар ойлорун ортого салып, билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up