Бишкектеги университеттердин студенттери арасында сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2-декабрда «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары» деген темада И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студенттер арасында кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу КМУнун басма сөз кызматы маалымдады.

Сынак адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 71 жылдыгына жана 10-декабрь — Адам укуктарын коргоо күнүнө, 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата Акыйкатчы институтунун социалдык – экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмү тарабынан уюштурулган. Максаты — жаштар арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын укуктары боюнча маалыматтарды жайылтуу, жаштар арасында адам укуктары боюнча билим деңгээлди жогорулатуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата калыптанган көз карашты жана аларга карата кысымды жок кылуу.

Кароо-сынакты акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүн толук кандуу адам катары сезиши үчүн мамлекет аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керектигин айтып өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өз сөзүндө ушундай иш-чаралар керек экенин, себеби оюн-зоок, кароо-сынактар аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосуна үңүлүүгө боло турганын айтты.

«Бул адамдар биздин арабызда жашашат, алар силердин аёоңорго муктаж эмес, алар силердин колдооңорго муктаж. Алардын бирине жолдон өткөрүп жардам берсеңер, бирине жөн гана жылуу сөз айтып, ал эми бирине чогуу бир жерге барып, башкасына керектүү нерсесин сатып берип жардам кыла аласыңар. Андыктан силерди боорукер, адамгерчиликтүү болууга чакырам», - деди депутат.

Ошондой эле КМУнун ректору Төлөбек Абдрахманов дагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамилени өзгөртсөк, башка маселелер да жеңилдей турганын белгилеп өттү.

Кароо-сынактын катышуучулары:

- Бишкек мамлекеттик университетинин атынан «Миротворцы БГУ» командасы;
- Борбор Азиядагы Америка университеттин атынан «Биримдик» командасы;
- Кыргыз улуттук университетинин атынан «LURA DEFENSORES» командасы;
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын атынан «Люди в белом» командасы;
- Кыргыз мамлекеттик университетинин атынан «Жаш жардамчылар» жана «Эркиндик» командалары.

Кароо-сынак үч тапшырмадан турду:

1. Тааныштыруу. Мында калыстар тобу команданын аталышы тема менен үндөш болушуна, эмблеманын дизайнына жана команданын тапкычтыгына баа беришти.

2. Театрлаштырылган сынак. Командалар майыптыгы бар адамдардын жашоосунан алынган көйгөйлүү көрүнүштөрдү сахналаштырышты. Мында калыстар тобу теманы ачып бере алганына, көйгөйдү чечүү жолдорун көрсөткөнүнө жана актёрдук чеберчиликтерге баа беришти.

3. Брейн-ринг, тактап айтканда суроо-жооп. Командалар адам укуктары жаатындагы билимин сынашты. Мында калыстар так, туура жооп берүүгө баа беришти.

Жыйынтыгында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери алдыга озуп чыгып, баш байгени багындыруу менен акыйкатчынын кубогуна ээ болушту.

Ал эми 1-орунга Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери чыкса, 2-орунду Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери алышты.

Кароо-сынакка катышкан ар бир топко демөөрчүлөр тарабынан даярдалган баалуу белектер, китептер ыйгарылды. Ошондой эле жигердүү катышкан студенттерге акыйкатчынын дипломдору жана ардак грамоталары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up