Кадамжайда жаш ойлоп табуучулар сынагынын райондук туру өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кадамжай райондук мектеп-лицейинде 4-декабрда «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Бул тууралуу мектеп-лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Батма Абжапарова билдирди.

Сынакка мектеп окуучулары катышып, «Ойлоп табуучулук», «Электр энергиясын сарамжалдоочу техника», «Робот техникасы», «Агро өнөр жай тетиктери», «Шахмат турнири» номинациялары боюнча жасаган буюмдарын алып келишкен. Иш-чарага Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлшан Муратова, балдар билим берүү борборунан өкүлдөр катышты.

Сынактын жыйынтыгында 1-2-орундарды камсыздаган окуучулар райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышып, облустук турга катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up