Ош облусундагы ийрим мугалимдери кол өнөрчүлүк боюнча тажрыйба алмашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай райондук балдар чыгармачылык борборунда «Улуу улуттун уздарынын мурастары» темасында облустук семинар өттү. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун бөлүм башчысы Батма Исакова билдирди.

Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган. Максаты — көркөм кол өнөрчүлүк багытындагы ийрим мугалимдерине усулдук жардам көрсөтүү жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу.

Семинарга Ош облусуна караштуу райондордун балдар чыгармачылык борборлорунун директорлору, көркөм кол өнөрчүлүк жана көркөм сүрөт багытындагы ийрим мугалимдери, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук администрациянын өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров ачты. Алай райондук балдар чыгармачылык борборунун тажрыйбалуу мугалимдери балдарга өнөр үйрөтүүдөгү мыкты усулдарын көрсөтүшүп, терини кайра иштетүү, ала кийиз жасоо, курак куроо, сайма саюу, кооз буюмдарды жасап, бизнес баштоого үйрөтүү сыяктуу сабактарын өтүштү.

Соңунда катышуучулар Алымбек датка менен Курманжан датканын музейине саякат жасашты. Ошондой эле ийрим окуучуларынын концерти тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up