Оштогу «Олимп» мектеп-гимназиясында «Манас» эпосунун күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясында 4-декабрда «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган мектеп-гимназиядан билдиришти.

Мектепке эртең менен шаардагы «Манас таануу» ийримдеринин жетекчилери келишкен.

Иш-чарага шаардык билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкери Токтокан Жусупова, мэриянын мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчиси Зуур Амирбеков конок катары катышты.

Иш-чара «Манас» эпосу жөнундөгү слайд менен башталды. 8-класстын окуучулары «Манас» гимнин ырдашып, 10-класстын окуучулары көркөм окууларды аткарышты. Ошондой эле бийлер бийленип, эпостон үзүндүлөр жаңырды. Иш-чаранын аягында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, мэрия тарабынан окуучуларды даярдаган мугалимдер сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up