Токмокто ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар спорттук мелдешке түштү (сүрөт)

Билим АКИpress - 4-декабрь күнү Токмок шаарында балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорт мектебинде «Күч бирдикте» ураанынын астында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жаштар арасында мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясы аймактык кабарчыга билдирди.

Мелдеш шахмат, шашки, дартс жана сүрөт тартуу боюнча өткөн. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана жаштар иштери, дене тарбия, спорт бөлүмү тарабынан уюштурулду. Спорттук мелдешке катышуу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген 70тен ашуун балдар келишкен. Алардын мелдешине вице-мэр С.Ступников, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Э.Исмаилова жана балдардын ата-энелери, жакындары күбө болушту.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына мэрия, спорт мектеби, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан даярдалган диплом жана сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары, иш-чаранын соңунда таттуулар таратылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up