Токмокто окуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Токмок шаарындагы окуучулар 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Токмок шаарындагы «Үмүт жарыгы» майыптар коому жана Жусуп Баласагын атындагы лицейинин окуучулары тарабынан шаарда жашаган 40тай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүлдү. Алар азык-түлүктөрдү жана жылуу төшөктөрдү таратышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up